“Сапаттуу Билим” агенттиги КР Улуттук аккредитациялык кеңешинен расмий таанылган (2018), (2024).
«Сапаттуу Билим» 2019-жылдан бери Евразиялык Билим Берүүдөгү Сапатты Баалоо Ассоциациясынын (ЕАОКО) мүчөсү болуп саналат, 2020-жылдан тартып Жогорку билим берүүдөгү сапатты камсыздоо боюнча эл аралык агенттиктердин тармагы – INQAAHE уюмунун толук укуктуу мүчөсү жана 2022-жылдан бери Азия-Тынч океан сапат тармагы – APQN уюмунун мүчөсү болуп эсептелет.
2020-жылы агенттик “Педагогика жана психология билим берүү процессинде” жана “Билим берүүнүн сапатынын менеджментинин системасы” деген эки программа боюнча кесиптик билим берүүнү жогорулатуу боюнча курстарды өткөрүүгө КР ББИМ 200000806 лицензиясын алган.
Агенттиктин ишинин негизги багыттары болуп билим берүү уюмдарын программалык жана институционалдык аккредитациялоо, ошондой эле билим берүү уюмдарына кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу курстарын, сапат менеджментинин системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча тренингдерди жана семинарларды өткөрүү жана педагогика жана психология, окутуунун инновациялык усулдары боюнча корпоративдик окутууларды (семинар-тренингдерди) өткөрүү жолу менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү саналат.
Агенттик өзүнүн миссиясын жана максаттарын ишке ашыруу менен эксперттерди даярдоо боюнча эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен окутуучу семинарларды өткөрөт, билим берүүнүн бардык деңгээли жана адистерди даярдоонун багыттары, иш берүүчүлөр боюнча алдыңкы адистерден турган эксперттердин базасын түздү. Эксперттер базасында азыркы учурда башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнү даярдоо багыттары боюнча 100дөн ашык эксперттер бар.
Агенттиктин кызматкерлери агенттик түзүлгөн күндөн тартып КР Билим берүү жана илим министрлигинин иш-чараларына, билим берүү жаатындагы сапаттын кепилдигине арналган Эл аралык иш-чараларга активдүү катышып, өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да аккредитациялоо боюнча көз карандысыз агенттиктер менен кызматташат.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу чакырыктарга жооп берүү менен, “Сапаттуу Билим” агенттиги аккредитациялоону он-лайн режиминде өткөрүү боюнча колдонмону иштеп чыкты, ошондой эле Кыргызпатентте катталган он-лайн режиминде өтүнмө берүүнүн жана өз алдынча отчет берүүнүн электрондук платформасын ишке киргизди (№ 679 13-апрель, 2021-жыл)
“Сапаттуу Билим” агенттиги өз ишинде кесипкөйлүк, объективдүүлүк, ачыктык принциптерин карманат, ал үчүн аккредитациялоого жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн жогорку квалификациялуу эксперттер тартылат. Бул мезгилде Агенттик тарабынан 150дөн ашык башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү программалары жана жалпы билим берүү программалары аккредитацияланган, анын ичинде институттук аккредитацияларда бар. Аккредитациянын натыйжалары жана сын-пикирлер агенттиктин сайтына жайгаштырылган.
2022-жылдын сентябрында Агенттик европалык ASIIN агенттигинде ESG сапат стандарттарына шайкештиги боюнча тышкы баалоодон өткөн.