Башкы бет

«Сапаттуу билим» агенттигинин миссиясы

Билим берүү сапатын жана окуу жайлардын эл аралык жана улуттук деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү.

Көз карашы

Студенттер жогорку сапаттагы билим алууга укуктуу жана дүйнө жүзүндө таанылган квалификацияны ала алышат. «Сапаттуу билим» агенттиги сапатты камсыздоо боюнча кепилдик берген жана таанылган агенттик болуп саналат.

Баалуулуктары:

«САПАТТУУ БИЛИМ» агенттиги жогорку билим берүү системаларынын жана сапатты камсыздоо ыкмаларынын ар түрдүүлүгүнө ачык болуп, төмөнкү баалуулуктарга карай иштейт:


Ачыктык: «САПАТТУУ БИЛИМ» агенттиги өзүнүн саясаттарын, стандарттарын жана чечим кабыл алуу жана отчет берүү критерийлерин жарыялайт;


Тастыктуулук: «САПАТТУУ БИЛИМ» агенттиги сапатты камсыздоо агенттиктеринин көз карандысыз саясаттарын активдүү жактайт жана жогорку окуу жайларынын автономиясын колдойт;


Кызматташтык: «САПАТТУУ БИЛИМ» агенттиги Консультативдик кеңештин мүчөлөрү, европалык өнөктөштөр жана башка уюмдар менен консультациялык негизде иштейт;


Адилеттүүлүк: «САПАТТУУ БИЛИМ» агенттиги ачык, калыс жана адилеттүү иш алып барат, көз карандысыз, объективдүү жана кесипкөй мамиле кылат.