Билим берүү уюмунун жана билим берүү программаларынын (программалар кластеринин) тышкы экспертизасын жүргүзүү үчүн Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо боюнча агенттик «Сапаттуу Билим» (мындан ары – «Сапаттуу Билим» Агенттиги) атайын даярдыктан өткөн эксперттерден турган эксперттик комиссия түзөт. Эксперттик комиссия 3–5 көз карандысыз эксперттен турат, алардын ичинде чет элдик адистер, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо профили боюнча жумуш берүүчүлөрдүн өкүлү жана билим берүү программаларын баалоо боюнча квалификациялуу студенттик өкүл катышат.
Эгерде билим берүү уюмунда бир нече билим берүү программасы (программалар кластерлери) аккредитациядан өтүп жатса, даярдоо багыттарына/адистиктерине жараша ар бир билим берүү программасы үчүн өзүнчө эксперттик комиссия же программалар кластерлерин баалоо үчүн биргелешкен комиссия/комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Эксперттин ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери – ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, чынчылдык, объективдүүлүк жана берилген документтер менен иштөөдө купуялуулукту сактоо.
Билим берүү программаларын (программалар кластерлерин) баалоочу көз карандысыз эксперттер – академиялык коомчулуктун өкүлдөрү (анын ичинде чет элдик эксперттер) аккредитациялоочу уюмдар, же билим берүү жана илим тармагы менен байланыштуу ишмердүүлүгү же кызыкчылыктары бар коомдук жана кесиптик уюмдар, бирикмелер, фонддор, ассоциациялар тарабынан сунушталышы керек, же бул агенттик тарабынан атайын даярдалган болушу мүмкүн.
Академиялык коомчулуктун өкүлү болгон көз карандысыз эксперттерди тандоонун критерийлери: жогорку билим берүү, илим жана өндүрүш тармагында иш стажы; жетекчилик кызматта иш стажы; илимий даражасы жана наамы; экспертизанын предметине дал келген иш профили. Бул тандоо критерийлери тышкы эксперттин Этикалык кодексинин талаптарында аныкталган.
Кесиптик коомчулуктун өкүлү болгон көз карандысыз эксперттер (жумуш берүүчүлөр) бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруудагы негизги өнөктөш кесиптик уюмдар, тиешелүү министрликтер (ведомстволор) же жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери тарабынан сунушталышы керек. Алар үчүн тандоо критерийлери: билим берүү программасын (программалар кластерин) баалоо үчүн зарыл болгон компетенттүүлүк жана экспертизанын предметине дал келген профилдеги жетекчилик кызматта иш стажы.
Студенттик коомчулуктун өкүлү болгон көз карандысыз эксперттер (студенттер, магистранттар, аспиранттар) тышкы билим берүү уюмдары же студенттик уюмдар жана бирикмелер тарабынан сунушталышы керек. Алар үчүн тандоо критерийлери: билим берүү уюмунун жетекчилигинин оң сунуштамасы; жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү нормативдик-укуктук базаны жакшы билиши; Болон процессинин негизги жоболорун билиши.
Ар бир эксперт «Сапаттуу билим» Агенттиги менен тышкы экспертизага катышуу тууралуу келишимге жана экспертиза жүргүзүлө турган билим берүү уюму менен кызыкчылыктардын кагылышы жоктугу тууралуу билдирүүгө кол коёт.
Эксперттик комиссиянын курамы билим берүү уюму менен макулдашылат. Билим берүү уюму негизделген жүйөөлөр менен сунушталган эксперттик талапкерлерди четке кагууга укуктуу.
Эксперт өзүнүн баалоосунун объективдүүлүгү жана ишенимдүүлүгү, экспертизаны өз убагында өткөрүү жана тышкы экспертизанын жыйынтыктары боюнча отчетту даярдоо боюнча жеке жоопкерчилик тартат.
Эксперт аккредитацияга байланыштуу кошумча материалдарды, документтерди жана маалыматтарды талап кылууга жана алууга, билим берүү программасы (программалар кластерлери) боюнча өз оюн билдирүүгө жана негиздөөгө, аккредитация процессинде тышкы экспертизанын жыйынтыктары боюнча отчетту талкуулоого катышууга укуктуу.
Эксперттик комиссиянын ишин Агенттиктин директорунун буйругу менен дайындалган төрага уюштурат. Буйрукта эксперттик комиссиянын иш мөөнөтү жана программасы көрсөтүлөт. Эксперттик комиссиянын төрагасы тышкы экспертизанын программасын аткаруу жана жыйынтыгы боюнча отчетту даярдоо үчүн жооп берет.
Эксперттик комиссия билим берүү уюмунда 2–3 күндүн ичинде иш жүргүзөт. Визиттин соңунда эксперттик комиссиянын төрагасы билим берүү уюмунун (факультет/институт) жетекчилигине эксперттик комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн макулдашылган пикиринин негизинде даярдалган тышкы экспертизанын жыйынтыгы боюнча оозеки отчет менен чыгат. Бул оозеки отчет билим берүү уюмунун жана программасынын (программалар кластеринин) тышкы экспертизанын жыйынтыгы боюнча негизги жыйынтыктарды камтышы керек.
Эксперттик комиссиянын корутундусу сунуштоо мүнөзүнө ээ болуп, «Сапаттуу Билим» Агенттигинин Аккредитациялык кеңешинин кезектеги жыйынында бекитилмейинче жарыяланбайт.
Тышкы экспертиза аяктагандан кийин, өзүн-өзү баалоо отчетунун, берилген документтердин жана маалыматтардын, ошондой эле кесиптик коомчулуктун өкүлдөрү, студенттер, аспиранттар, докторанттар, кызматкерлер жана билим берүү уюмунун жетекчилиги менен болгон маектин негизинде эксперттик комиссия тышкы экспертизанын жыйынтыктары боюнча отчет даярдайт. Бул отчетто «Тышкы эксперттик комиссиянын корутундусу» бөлүмү камтылып, анда аккредитациялана турган программа (программалар кластерлери) аккредитация стандарттарына ылайык же ылайык эместиги боюнча эксперттик комиссия мүчөлөрүнүн кеңири коллегиалдуу корутундусу берилет, эгер айрым мүчөлөрдүн ою жалпы корутундуга туура келбесе, алардын өз алдынча пикирлери да камтылат.
Тышкы экспертизанын жыйынтыгы боюнча отчетко эксперттик комиссиянын төрагасы кол коюп, ал «Сапаттуу Билим» Агенттигинин Аккредитациялык кеңешине жана билим берүү уюмуна жөнөтүлөт.