Аккредитациялык кеңеш “Сапаттуу Билим” агенттигинин Эксперттик комиссиясынын корутундусу же эксперттер менен билим берүү уюмунун макул эместиги, дооматтары жана нааразычылыктарын кароо үчүн Апелляциялык комиссияны түзөт.
Эгерде билим берүү уюмуна жана анын программаларына аккредитация берүүдөн баш тартуу тууралуу эксперттин же эксперттик комиссиянын чечими менен макул болбой калса, билим берүү уюму “Сапаттуу Билим” агенттигинин директорунун атына жазуу түрүндө арыз тапшырышы керек.
Бул арыз билим берүү уюму менен программалардын аккредитациясы боюнча маселе Аккредитациялык кеңештин жыйынында каралганга чейин, пландалган датадан кеминде эки жума мурун берилүүгө тийиш.
Билим берүү уюмунун арызында “Сапаттуу Билим” агенттигинин билим берүү уюмун жана программаларын аккредитациялоонун стандарттары жана критерийлерине шайкеш келбегендиктен Аккредитациялык кеңештин терс чечими мыйзамсыз деп эсептелишинин себептери көрсөтүлүшү керек.
“Апелляциялык комиссиянын” курамын “Сапаттуу Билим” агенттигинин директору сунуштап, ал эми Аккредитациялык кеңештин төрагасы бекитет.
Апелляциялык комиссия өз сунуштарын даярдоодо билим берүү уюму тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү материалдарды жана эксперт менен эксперттик комиссиянын корутундусун гана карайт.
Апелляциялык комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт. Бул жыйынга билим берүү уюмунун жана “Сапаттуу Билим” агенттигинин өкүлдөрү катыша албайт.
Апелляциялык комиссиянын чечими Аккредитациялык кеңештин жыйыны башталганга чейин кеңешке берилет жана ошол жыйында билим берүү уюмунун жана программалардын аккредитациясы боюнча маселе каралат.
Аккредитациялык кеңештин чечими – “Сапаттуу Билим” агенттигинин акыркы чечими болуп эсептелет.