Аккредитация процедурасы

«Сапаттуу билим» билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттиги мыйзамда белгиленген тартипте, билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын тастыктоо максатында, менчик формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарынын жана программаларынын аккредитациясын жүргүзөт.

«Сапаттуу билим» Агенттигинин ишмердүүлүгүнүн предмети төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Аккредитация – билим берүү уюмунун же анын жекече билим берүү программаларынын сапат деңгээлин баалоо процедурасы болуп эсептелет, анын негизинде билим берүү уюмунун же программасынын белгилүү бир критерийлерге жана стандарттарга шайкештиги таанылат.

  • Институционалдык аккредитация – билим берүү уюмунун жалпы деңгээлинин критерийлерге, процедураларга жана статусуна шайкештигин таануу процедурасы.

  • Программалык аккредитация – билим берүү уюмунун жекече программаларынын белгиленген критерийлерге жана стандарттарга шайкештигин баалоо процедурасы.

Билим берүү уюму программалык аккредитацияны өткөрүү боюнча «Сапаттуу билим» Агенттигинин директорунун наамына өтүнмө менен кайрылат. Өтүнмө менен бирге билим берүү ишин жүргүзүүгө укук берген мамлекеттик лицензиянын көчүрмөсү жана ага тиркемелер, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн кыскача мүнөздөмөсү кошо берилет.

«Сапаттуу билим» Агенттиги жана билим берүү уюму программалык аккредитацияны баштоо боюнча чечим кабыл алышат. Бул максатта эки тараптын ортосунда программалык аккредитацияны жүргүзүү жана аккредитацияга талапкер статусун ыйгаруу боюнча келишим түзүлөт.

Билим берүү уюмунун жетекчилиги жана «Сапаттуу билим» Агенттиги билим берүү уюмдарынын жана программаларынын аккредитациясынын стандарттары жана критерийлерин түшүндүрүү максатында ички эксперттер үчүн атайын семинарларды уюштурушат. Бул семинарларда теория, методика жана программалык аккредитацияны жүргүзүү технологиясы боюнча маалымат берилет.

Билим берүү уюму «Сапаттуу билим» Агенттиги тарабынан белгиленген талаптарга ылайык өз алдынча баалоо жүргүзүп, отчетун агенттикке жөнөтөт.

«Сапаттуу билим» Агенттигинин директору билим берүү уюмунда аудит жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзөт. Комиссия 3–5 эксперттен турат, алардын курамына билим берүү чөйрөсүндө адистер, иш берүүчүлөр, студенттик жаштардын өкүлдөрү жана чет элдик эксперт кирет.

Өз алдынча баалоо отчетунун негизинде агенттик материалдарда кемчиликтер бар же жок экенин карап чыгат жана төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

  • материалдарды кайра иштеп чыгуу боюнча сунуш берет;

  • тышкы баалоону өткөрүү чечимин кабыл алат;

  • стандарттарга жана критерийлерге дал келбегендиктен аккредитация мүмкүн эместиги тууралуу чечим кабыл алат жана келишимди токтотот.

Эгерде аккредитация улантылса, эксперттик комиссиянын төрагасы жана агенттик билим берүү уюму менен аккредитацияны өткөрүү мөөнөтүн жана комиссиянын иш планын макулдашат.

Комиссиянын визити 2–3 күнгө созулат. Визит аяктагандан кийин комиссия билим берүү уюмун баалоо боюнча кеңири отчет даярдайт. Бул отчет Аккредитациялык кеңештин чечим кабыл алуусунун негизин түзөт.

Позитивдүү чечим кабыл алынган учурда, «Сапаттуу билим» Агенттиги программалык аккредитациянын сертификатын билим берүү уюмуна жиберет. Сертификатта аккредитациянын мөөнөтү көрсөтүлөт. Андан соң чечим КР Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлүп, ал Улуттук реестрге киргизилет жана «Сапаттуу билим» агенттигинин веб-сайтына жайгаштырылат.

Эгерде аккредитация убагында айрым кемчиликтер аныкталса, аккредитация бир жылга берилет. Мөөнөт аяктагандан кийин агенттиктин эксперттик комиссиясы кемчиликтердин жоюлушун текшерүү үчүн билим берүү уюмуна кайра баруу жүргүзөт.

Эгерде оң чечим кабыл алынса, аккредитациянын мөөнөтү беш жылга чейин узартылат. Эгерде кемчиликтер белгиленген убакыттын ичинде жоюлбаса, аккредитациянын аракеттүүлүгү токтотулат жана уюм бир жыл ичинде кайра кайрылууга укуксуз болуп калат.