МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим эмеспи.

Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим.

Андыктан урматтуу мугалимдер, ардактуу кесип ээлери Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктап сиздерге бакубат жашоо, чың ден – соолук, кажыбас кайрат, үй бүлөлүк бакыт каалайбыз. Түйшүктүү ишиңиздерде ийгиликтер жарала беришине тилектешбиз!