Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди.Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы.
Нооруз-жаңы башаттардын башталышы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, улуу Нооруз күнү жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.
Ылайым ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Ар бирибиз үчүн бул жыл бактылуу жыл болсун. Ынтымакчылыктын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.
Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар шат болсун.Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Терең урматтоо менен «Сапаттуу билим» агенттиги.